Урматтуу ѳнѳктѳштѳр!
Ѳнѳктѳштѳргѳ карата алдамчылык аракеттер кѳбѳйүп кетти ⛔
Компаниянын Президенти Арман Айдосовичтин атынан биздин ѳнѳктѳштѳргѳ чалуулар/билдирүлѳр түшѳ баштады, анда белгисиз адам компаниянын менеджери катары ѳзүн тааныштырып, авто унаа алышы менен куттуктап, байгенин баасынын 10%ын тѳлѳѳнү сурашат!
Ошондой эле компаниянын Лидерлеринин атынан социалдык тарамдарда бет ачышып, карызга акча сурап жүрүшѳт!
Компания ѳнѳктѳштѳрүнѳн эч кандай шылтоо менен, ѳзгѳчѳ утуштардан эч кандай акча сурабайт.
Чоочун номерлерден чалууларга жана СМСтерге ишенбеңиздер жана алар менен эч бир сүйлѳшпѳңүздѳр. Ѳзүңүздѳрдүн ѳнѳктѳштѳрүңүздѳргѳ алдамчылардын чалуулары жѳнүндѳ эскертип коюңуздар.
Компания Marine Health Groupтун расмий беттерине жайгаштырылган так маалыматтарга гана ишенүүнү ѳтүнѳт!